​Министрлик КММА жамаатынын пикири менен эсептешүүгө аргасыз болду

  • 3 года мурун

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорлугуна Индира Кудайбергенова бекитилди.


Бүгүн, 3 – июнда И. Кудайбергенованы ректолук кызматка бекиткен Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовдун буйругун министрликтин статс – катчсы Калысбек Шадыханов жамаатка тааныштырды.

Эске сала кетсек, КММАнын ректолук кызматына шайлоо 2021-жылдын 29-майына белгиленген. Бирок 27 – майда Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчылыгына жаңы эле дайындалган Калысбек Шадыханов КММА ректорун шайлоону белгисиз мөөнтөктө жылдырган буйрук чыгарган.

Академиянын жамааты 28 – майда бул буйрукту тааныбай тургандыгын билдирип, Индира Кудайбергенованын талапкерлигин колдошоорун айтып, митинг уюштурушкан.

29 – майда КММА Калысбек Шадыхановдун буйругуна баш ийбей, ректордун шайлоосун өткөрүшкөн. Шайлоого катышкан 731 профессор, окутуучунун 698и добушун Индира Кудайбергеновага беришкен.


Калган үч талапкердин арасынан Эркин Алымбаев 11, Зиябидин Айдаров 12 жана Жолдош Шаршембиев 10 добуш топтогон.

Фото КММАныкы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты