​Бишкекте бүгүн да маршруттук таксилер каттамга чыккан жок

  • 3 года мурун

Маршруттук такси фирмаларынын барымтасында калган Бишкек шаары бүгүн дагы негизги коомдук унаасыз калды.


Бишкек шаардык мэриясы жол кирени кымбаттаттуу шаардык кеңештин чечими менен тийиштүү мыйзамдык процедуралар аткарылган соң ишке ашаарын билдиргенине карабай, маршруттук такси айдоочулары ишке чыгыша элек.

«Манас» аэропорту, «Дордой» ишканасы, ИИМ автобустарды уюштуруп, шаардыктарды бекер ташууда.

Шаардык мэриясы «жүргүнчүнү ала кет» акциясын баштап, жеке унаасы барларга жүргүнчү ала кетүү өтүнүчү менен кайрылды.

Эске сала кетсек, жол кирени 15 сомго көтөрүү талабын койгон маршруттук такси айдоочулары кечээ, 2- июнда эскертпей туруп, иш таштоо акциясын башташкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты