Марлен Маматалиев:«Каттам эле берсеңер, 700 автобус киргизебиз дегендер бар»

  • 3 года мурун

Бүгүн Бишкек шаарындагы маршруттук такси айдоочуларынын жапырт иш таштоосунан жүздөгөн шаардыктар аялдамаларга толуп калды.


Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт боюнча вице-мэри Русланбек Акылбеков 2 – июнда маршруттук таксилердин иш таштаары тууралуу маалымат болгондугун айтты.

«Мен аларга маалымат берип, бул маселени муниципалитет эмес, мыйзам чыгаруучу бийлик чечээрин, маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн убакыт берип, түшүнүүсүн сурангам», — дейт.

Учурда «Манас» аэропрту 4 автобус бөлүп берип, элди акысыз ташууда. Жөө калган балалуу аялдарга патрулдук милициянын унаалары да көмөктөшүүдө.

Бишкек шаары маршруттук таксилердин барымтасында калганына көп жыл болду. Дал ушул маршруттук такси бизнеси кайсы бир топтун акча булагына айланганы да айтылып келет.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламентте маселе көтөрүп:

«5-6 эле транспорт фирмаларынын башчылары уюштуруп, саботаж кылып келишет. «Бизге каттам эле берип койгулачы, биз 700 автобус алып келип, кое беребиз» дегендер бар. Мэрия ошолорго уруксат бербей жатат. Иш таштап, каттамга чыкпай жаткандардын лицензиясын алып, каттамды ошолорго берели», — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты