Экс-депутаттар ​Исхак Пирматов, Камчыбек Узакбаев 2 айга камалды

  • 3 года мурун

«Кумтөр» иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев 31 – июлга чейин камакта калтырылды.


Мындай чечимди бүгүн, 2 — июнда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Исхак Пирматовдун жактоочусу Тимур Карабаев:

«Биз бул чечим боюнча жогорку инстанцияга кайрылабыз. Менин кардарым качып кетүүнү көздөбөгөндүктөн, бул негизсиз чечим болду», — деди.

Эске сала кетсек, «Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс – депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматовдор 31 – майда камакка алынышкан.

31 — май күнү Биринчи май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты