​Камалган депутаттар боюнча кесиптештери үн катты

  • 3 года мурун

Бүгүн, 2 – июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган депуттар боюнча айрым эл өкүлдөрү нааразычылыгын билдиришти.


Депутат Тазабек Икрамов парламенттеги айткан кеби үчүн депутат жоопкерчиликке тартылбай тургандыгын айтып, депутаттарды камакка алган орган кызматкерлери менен аларды камоо чечимин чыгарган судьяны жоопкерчиликке тартууну талап кылды. Бул боюнча ЖК төрагасынан протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Ал эми депутат Дастан Бекешов жаңы Конституция боюнча дагы депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз эл өкүлдөрүн камакка алууга болбой тургандыгын айтты.

Эске сала кетсек, «Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс – депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматовдор 31 – майда камакка алынышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты