​Шайлоого таасир эткиси келген жергиликтүү чиновниктерге Президент эскертүү берди

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевди кабыл алып, алдыдагы шайлоолордун ачык-айкындыгын толук камсыз кылууну тапшырды.


Президент 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым жергиликтүү жетекчилер өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол бергендигин айтып, буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылганына токтолду.

Мамлекет башчысы ошондой эле муниципалдык же башка кызматкерлердин шайлоого таасир этүү үчүн жасаган бардык мыйзамсыз аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюларын баса белгилеп, ушундай эле талаптар Бишкек жана Токмок шаарларына дагы коюлаарын айтты.

Эске сала кетсек, 11 – апрелдеги шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында административдик ресурс, добуш сатып алуу массалык түрдө колдонулуп, элдин нааразычылыгын жараткан.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты