​Бишкектеги маршруттук таксилер жапырт иш таштады

  • 3 года мурун

Бүгүн, 2-июнда Бишкектин маршруттук такси айдоочулары иш ташташты.


Бишкектин көчөлөрүндөгү аялдамаларда киши толуп, борбор калаада транспорттук коллапс орун алды.

Мындан туура бир ай мурун Бишкек шаарындагы жеке менчик маршруттук такси ээлери жол кирени 20 сомго кымбаттаттуу талабын коюп, 3-майда жапырт иш таштоо уюштурабыз деп коркутушкан.

Шаардык бийлик менен транспорттук фирмалардын башчыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, алардын иш таштоосу ишке ашпай калган.

Бүгүнкү күтүүсүз иш таштоо акциясынан кийин дагы шаардык бийлик транспорттук фирмалардын башчылары менен жолугуп, каттамга чыкпагандар менен бир тараптуу келишимди бузаарын эскертти.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты