​Эл өкүлү Рыскелди Момбеков УКМК тергөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп берип чыкты

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга сурап берип чыкты.


4 сааттай УКМК тергөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп берген Рыскелди Момбеков эмне тууралуу сөз болгонун кыскача айтып берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, тергөөчүлөр сылык мамиле кылып, «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары парламенттин токтомуна эмне үчүн өзгөчө пикир билдиргенине кызыгып, «Эмне үчүн улутташтыруу тууралуу сунушуңузду бердиңиз, эмнеге негиздедиңиз?», — деген суроону беришкен.

Ошондой эле алар эл өкүлүнөн коомдук ишмер, саясатчы, журналист катары «Кумтөрдүн» айланасындагы окуяларга карата кандай пикирде экенине кызыгышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Кумтөр» иши боюнча күбө катары суралганын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты