​«Кумтөр» иши боюнча камакка алынгандар УКМКнын тергөө абагындагы шарттарга нааразы эмес

  • 3 года мурун

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун башчысы Бакыт Рысбеков бүгүн, 1- июнда кечээ камакка алынышкан Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Талант Узакбаев, Исхак Пирматовдордон кабар алып, алар камалган тергөө абагынын шарттары менен таанышып чыкты.


«Алар камактын шартына эч кандай нааразычылыгы жок экенин, кыйноолор болбогонун айтышты», — дейт Бакыт Рысбеков.

Булардан мурдараак «Коррупция», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен камакка алынган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов дагы абактын шартына нааразы эмес экенин айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты