​Парламентти тоготпогон Алымкадыр Бейшеналиевге депутаттар кыр көрсөтүштү

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 31-майда парламентке барды.


Анын буга чейинки парламентти тоготпогон мамилесине айрым депутаттар нааразычылыгын билдиришти.

«Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов:

“Сиз эми президенттин артына туруп алып күчкө салып жатасыз да. Парламентти тоготпойсуз, жыйындарга келбейсиз. “Керек болсо парламентти кетирем” дейсиз. Бирок бул убактылуу. Мен үч чакырылышта депутат болуп, сизден чоң сүйлөгөндөрдү көрдүм. Бирок аягы жакшы бүткөн жок. Парламент кетиши керек же сиз кетишиңиз керек”, — деди.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров:

«Парламент менен эсептешишиңиз керек. Парламенттен бардык президенттер тарбияланып чыккан. Сиз парламент менен тирешпеңиз, жакшы мамиледе болуңуз, чакырганда келиңиз. Жаңы Конституция боюнча дагы биздин көзөмөлдөөчү функциябыз калтырылган», — деди.

Эске сала кетсек, коронавирус илдетин уу коргошун менен дарылоо тууралуу жалпыга жар салып, түз эфирде уу коргошун кайнатмасын ичкен министр Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын тармактык комитеттердин бир нече жолку жыйындарына жана жалпы пленардык жыйынга чакырганына кулак салган эмес.

28 – апрелде Жогорку Кеңештин 85 депутаты аны кызматтан алуу тууралуу токтом кабыл алып, Өкмөткө жөнөткөн. Өкмөттөн эч кандай жооп болгон эмес.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты