​Сергей Ибрагимов бюджетке 100 миллион сом төктү

  • 3 года мурун

УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовго таандык компаниялардын каржылык мыйзам бузуулары боюнча текшерүү жүргүзгөн.


Жыйынтыгында, Сергей Ибрагимовдун компаниялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузбагандыгы аныкталды.

«Ошентсе дагы, С. Ибрагиомв өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абалды эске алып, мамлекеттин эсебине 100 миллион сом кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүүнү каалаган. Учурда ал акчаны толугу менен бюджетке төгүп берди», — дейт УКМКнын маалымат кызматы.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 24-мартында мурдагы премьер-министр, экс-депутат Өмүрбек Бабанов дагы мамлекеттин эсебине 100 миллион сом кайтарымсыз жардам көрсөткөн.

УКМК ага карата козголгон буга чейинки кылмыш иштерин толугу менен жаап, анын аракетинен эч кандай мыйзам бузуу табылбаганын билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты