​Шайлоочулардын акыркы тизмеси 3-июлга чейин такталат

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 3 шаардагы кайра шайлоонун чыгымдарын эсептеп чыкты.


Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон кайра шайлоого 48 миллион сомдон ашык акча сарпталат.

Бишкектеги шайлоого – 20 миллион 105 миң, Ошко – 6 миллион 615 миң, Токмокко 1 миллион 43 миң сом коротулат.

Ошондой эле шайлоочулардын тизмеси кайрадан түзүлөт. Шайлоочу www. tizme.kg сайты аркылуу шайлоо участкасын тактап, 2 – июлга чейин тизмеге өзгөртүү киргизүүгө укугу бар. 3 – июль күнү шайлоого укуктуу жарандардын акыркы тизмеси бекителет.

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, 11 – апрелдеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан Бишкек, Ош, Токмок шаарларында 11- июль күнү кайра шайлоо өткөрүлмөкчү.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты