30-майга карата аба ырайы

  • 3 года мурун

30-май күнү Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 33…35 градус болот.


Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14 градус болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты