Европада өспүрүмдөр коронавируска каршы эмдөө алат

  • 3 года мурун

Европа Биримдигине кирген мамлекеттерде коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасын өспүрүмдөр ала алышат.

Европанын дары-дармек боюнча агенттиги бул вакцинаны 12-15 жаштагы балдарга да сайса болору тууралуу чечим чыгарганын “Рейтер” агенттиги 29-майда кабарлады.

Март айында Pfizer жана BioNTech компаниялары 2 миңден ашуун өспүрүм катышкан изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарып, вакцина коронавирустан 100 процент коргой турганы жарыялаган.

Өспүрүмдөрдү эмдөө боюнча чечимди эми ар бир мамлекет өз алдынча кабыл алышы керек. Германия бул вакцина каалоочу балдарга 7-июндан тартып сайыла баштарын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун Европа бюросунун директору Ханс Клюге дүйнө калкынын 70 проценти эмделмейинче COVID-19 пандемиясы токтобой турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты