Медакадемиянын ректору болуп Индира Кудайбергенова шайланды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 29-майда, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректорлугуна шайлоо өттү. Анда 731 профессор, окутуучунун 698инин добушу менен Индира Кудайбергенова ректор болуп шайланды.

Калган үч талапкердин арасынан Эркин Алымбаев 11, Зиябидин Айдаров 12 жана Жолдош Шаршембиев 10 добуш алышты.

Индира Кудайбергенова 2000-2016-жылдары бул окуу жайда проректор, ректордун милдетин аткаруучу, кафедра башчысы болуп иштеген. 2016-жылдан бери ректорлук кызматты аркалап келип, бул жолку шайлоого талапкерлигин койгон соң ректордун милдетин Андрей Сопуев аткарып жаткан.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы 1939-жылы уюшулган. Ректорду окуу жайдын жамааты төрт жылда бир шайлайт.

Белгиленген шайлоону Билим берүү жана илим министрлиги токтоткону белгилүү болуп, 28-майда окуу жайда нааразылык акциясы өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты