Садыр Жапаров Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. Ал куттуктоосунда Кыргызстан аскер күчтөрүн тоо шартында кызмат өтөй ала туран атайын бөлүктөрдү жана чек арада элдик кошуундарды түзүү аркылуу бекемдээрин билдирди.

Мамлекет Куралдуу күчтөрдүн аскердик күжүрмөндүгүн андан ары бекемдөө үчүн бардык аракеттерин жумшалаарын айтты:

Биз эки багытка көңүл бурушубуз кажет. Биринчиден, армияны тоолуу шарттарда аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн толук даярдалган жана технологиялык жактан жабдылган атайын бөлүктөрдүн принциби боюнча уюштуруу, экинчиден, чек ара аймактарында жашаган калктын мобилизациялык жогорку даярдыгын камсыз кылуу жана аскердик коркунучтарга, кол салууларга каршы олуттуу күчтөрдү топтоо үчүн элдик кошуундарды түзүүгө өтүү”, — деп билдирди Жапаров.

Кайрылуусунда мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана приоритеттүү милдеттеринин бири аскер кызматчыларын социалдык жактан толук камсыз кылуу болуп саналат. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги кесипкөй аскер кызматчыларынын социалдык статусун жана жашоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгилеген.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү жыл сайын 29-майда белгиленет. Бул күндү белгилөө тууралуу өкмөт токтому 1994-жылдын 19-майында чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты