​Наталья Никитенко: Бул биздин жалпы жеңишибиз!

  • 3 года мурун

Кечээ, 28-майда Жогорку Кеңеш Кылмыш жана жаза процессуалдык кодекстерине экстремизмге каршы аракеттенүү бөлүгүндөгү өзгөртүүлөр экинчи окууда кабыл алынды.


Аталган бөлүмгө буга чейин сунушталып келгендей, саясий кастыкты козутуу пункту киргизилген жок. Бул тууралуу ЖК депутаты Наталья Никитенко социалдык түйүндөгү баракчасына пикирин билдирип, «бул биздин жалпы жеңишибиз»- деп жазган.

«Укук коргоочулар, адвокаттар жана журналисттер башынан талыкпай айтып келген саясий кастык жөнүндөгү пунктту алып салууга жетиштик. Бул абдан маанилүү! Саясий кастык бийлик менен макул болбогондорду, оппозициялык ишмерлерди куугунтуктоо үчүн репрессиялык курал катары колдонулушу мүмкүн болчу. Бул биздин жалпы жеңишибиз!» — дейт Никитенко.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты