КММА ректорду шайлоо боюнча статс-катчы Шадыхановдун буйругун аткарбай тургандыгын билдирди

  • 3 года мурун

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо боюнча уюштуруу комитети Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун буйругун аткарбай турганын билдирди.


27-май күнү Калыс Шадыханов Иса Ахунбаев атындагы КММАнын ректорун шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырган.

«КММАнын ректорун шайлоо Билим берүү жана илим министринин 2021-жылдын 30-апрелиндеги буйругунун негизинде өткөрүлөт. Бул буйрукка ылайык, шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилип, уюштуруу комитетине шайлоону белгиленген тартипте өткөрүү тапшырылган. Учурда министрдин бул буйругу жокко чыгарылган жок, ал юридикалык күчкө ээ», — деген КММАнын маалымат кызматы, университеттин шайлоо процессин токтото туруу министрликтин статс-катчысынын компетенциясына кирбейт тургандыгын билдиришкен.


Медициналык академиянын ректорун шайлоо бүгүн, 29-майда өткөрүлөт.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты