Абдил Сегизбаев эки тараптуу пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылды
- 4 года мурун
УКМКнын тергөө абагында жаткан Абдил Сегизбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлду.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Абдил Сегизбаевдин абалы начарлап, 24 — майда ооруканага жаткырылган.
«Өткөн дем алыш күндөрү Сегизбаев өзүн жаман сезип, дене табы көтөрүлдү. Андан кийин ал дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды», — дейт УКМК.
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдиль Сегизбаевге карата «Коррупция», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» сыяктуу беренелер менен 6 кылмыш иши козголгон.
Ал ушул жылдын 25-январында УКМКнын тергөө абагына камалган.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү