​Жаныбек Абировго кылмыш иши козголду

  • 3 года мурун

Башкы прокуратура Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировго жана мэриянын башка жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирди.


Көзөмөлдөөчү орган тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан коррупцияга каршы мыйзамдардын сакталышы боюнча аудит жүргүзүлгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, алар борбор калаанын бюджетинин болжолдонгон кирешесин жасалма түрдө көбөйтүү менен муниципалдык кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүүгө жана шаардын инфраструктурасын жакшыртууга арналган бюджеттик каражаттардын эсебинен 2 оклад өлчөмүндө мыйзамсыз эмгек акы коюп алышкан. Функционалдык милдеттерин өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумушка теңеп коюшкан.

Натыйжада, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин айлык акысы 120 жана 150 миң сомду түзгөн.

2019-жылдан 2021-жылдын 1-кварталына чейинки мезгилде мамлекетке 214 миллион 581 миң 700 сом чыгым келтирилген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты