Исхак Пирматов мандатын Нурбек Мурашевге берди

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов бүгүн, 28-майда мандатын тапшырды.


«Бир Бол» фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматовдун ордуна мурдагы Айыл чарба министри, экс-депутат Нурбек Мурашев келет. Бул маалыматты «Бир Бол» фракциясынын катчылыгынан тастыкташты.

Нурбек Мурашев Айыл чарба министрлигин 2016-жылдан бери жетектеп келген. Ал 2014-жылы «Республика» фракциясынын депутаты кезинде Улуттук госпиталдын Неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевди сабап салганы менен көпчүлүктүн эсинде калган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты