Депутат «Центерра» менен болгон чырда эл аралык экологдорду Кыргызстанды колдоого чакырды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев эл аралык экологиялык уюмдарга кайрылып, «Центерра Голд» менен болгон талаш-тартышта Кыргызстанды колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.


Бул тууралуу ал Санкт-Петербургдагы Нева эл аралык экологиялык конгрессинин жыйынында билдирди.


Каныбек Иманалиев эл аралык экологиялык эксперттик коомчулукка Кумтөр кенинин айланасындагы кырдаал боюнча маалымат берип, «Centerra Gold» компаниясы Кумтөрдөгү алтын кенди иштетүү учурунда экологиялык жана тоо-кен техникалык эрежелерди ченебей бузганын айтып берди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты