​Кендеги жумуш бир секундга да токтобой, айына 1,5 тонна алтын өндүрүү пландалууда

  • 3 года мурун

28 — майда «Кумтөр Голд Компанинин» тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Мокеев кендеги жумуш бир секундга да токтобой иштеп жатканын айтты.


«Карьердин өндүрүмдүүлүгү суткасына 550 миң тонна тоо тектерин түзөт. Борбордук карьерге 170 бирдик оор техника тартылган, алардын 116сы — самосвалдар тынымсыз иштешет, эч кандай көйгөй жок. Чыгуучу материалдардын запасы бар, күйүүчү-майлоочу май жетиштүү. Запастар 2 айга жетет. Жеткирүү иши бир жумага гана токтоп калган. Азыр баары жайында», — дейт ал.

Ошондой эле Мокеевдин айтымында, комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 16,5 тонна алтын рудасын түзүп, айына болжол менен 25 миң унция же 1,5 тоннага жакын алтын өндүрүлөт.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты