​Мэриянын мурдагы чиновниги күнөөсүн мойнуна алып, 260 миң сом айыпка жыгылды

  • 3 года мурун

26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту борбор шаардын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловго карата чечим чыгарды.


2019-жылдын февралынан 2021-жылдын февралына чейин вице-мэр болуп иштеген Азиз Алымкуловго карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган.

Сотто Алымкулов күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ишти сотсуз кароону жана айып пул салууну суранган.

Жыйынтыгында сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул төлөөгө өкүм кылды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты