​«Elite House» компаниясынын башчысы Тимур Файзиевге издөө жарыяланды

  • 3 года мурун

«Elite House» курулуш компаниясынын кожоюну Тимур Файзиевге Аскердик прокуратура издөө салды.


Ал жер тилкелерин алууда коррупциялык иштерге аралашкан, үйлөрдү мыйзамсыз курган деп айыпталууда.

Тимур Файзиевге карата 27 — май күнү Биринчи май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. Ал учурда Бишкек шаарынан сырткары жашырынып жүрөт.

«Коррупция» беренеси менен айыпталып жаткан Т.Файзиевдин ишин УКМК жана Башкы прокуратуранын биргелешкен мекемелер аралык тергөөчүлөр тобу иликтешүүдө.

26 — май күнү кечинде Бишкек шаарындагы курулуш тармагандагы ири коррупциялык иштерге шектүү катары борбор калаанын мурдагы мэри Азиз Суракматов камакка алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты