​Кыргыз-тажик куралдуу кагылышында кайтыш болгон чек арачыларга «Эрдик» медалы ыйгарылды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйланды.


Аскердик милдетти аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн:

— УКМКнын Чек ара кызматынын капитаны Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович;

— УКМКнын Чек ара кызматынын капитаны Манасбек уулу Нурсултан;

— УКМКнын Чек ара кызматынын прапорщиги Юлдашев Бекзодбек Давлатбековичтерге көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы ыйгарылды.

Апрель айынын акырында, май айынын башындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргыз жараны кайтыш болуп, үчөө Чек ара кызматынын жоокерлери болгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты