​Медакадемиянын жамааты ректорлук шайлоонун жылышына каршы чыгууда

  • 3 года мурун

Бүгүн, 28 — майда миңдей мугалим иштеген, 10 миңдей студент билим алган Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын жамааты жана студенттери митингке чыгышты.


Алар 29 — майдагы ректорду шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырган буйрукту жокко чыгарууну жана шайлоо өз убагында өтүшүн талап кылышууда.

Академиянын алдына чогулгандардын арасында мурдагы ректор Индира Кудайбергенованы колдогон плакаттарды да көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, Саламаттыкты сактоо жана өнүгүү министрлигинен Билим берүү жана илим министрлигинин статс – катчылыгына котрулган Калыс Шадыханов биринчи эле буйругу менен Медициналык академиянын ректорлук кызматына болгон шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты