​К. Шадыхановдун буйругу менен Медакадемиянын ректорун шайлоо белгисиз мөөнөткө жылды

  • 3 года мурун

Эртең, 29-майда Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын ректорун шайлоо өтмөк.

27-майда Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калыс Шадыханов чыгарган буйрукка ылайык, ректорду шайлоо белгисиз мөөнөткө жылды.

Медициналык академиянын ректорлук кызматына 4 адам талапкерлигин коюшкан. Алар медицина илимдеринин докторлору, профессорлор: Индира Кудайбергенова, Зиябидин Айдаров, Эркин Алымбаев, Жолдошбек Шаршенбиевдер.

Эске сала кетсек, Калыс Шадыханов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс – катчысы кызматынан Билим берүү жана илим берүү министрлигинин статс-катчылыгына кечээ, 27-майда которулган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты