Муфтийди шайлоо дагы жылды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 27-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 17- жыйыны өткөрүлүп, өлкөдөгү пандемиялык абалдан улам Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги Курултайын 26-июнь күнгө жылдыруу, каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды.


Муфтияттын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, КМДБнын уставында көрсөтүлгөн эрежеге ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кызмат ордуна талапкерлерди кайрадан каттоо жүргүзүлүп, кайрадан сынак өткөрүлөт.

Ошол эле жыйында Аалымдар Кеңешинин төрагасы Кадырбердиев Абилилла Набидиновичтин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, арызы канааттандырылды. Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Масалиев Абдиманап Маликович Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Эске сала кетсек, Муфтийди шайлоо 29-майга белгиленип, Ниязали Арипов, Султанали Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Нематилла Жээнбеков, Шүкүр Исмаилов жана Нурбек Токтогуловдор талапкерлигин коюшкан.

Фото КМДБнын сайтынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты