​Тенгиз Бөлтүрүк: Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун каражаттары жылына эмес, ай сайын текшерилип турушу керек

  • 3 года мурун

«Кумтөр» ишканасынын сырттан убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк бүгүн, 27-майда Ысык-Көл облусунун башчысы Мирбек Кожоев менен жолукту.


Бул тууралуу Тенгиз Бөлтүрүк Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев менен бир катар маанилүү делген көйгөйлөрдү, анын ичинде Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун алкагында өз ара кызматташуу тууралуу маселени талкуулаганын жазган ал:

«Фонддун каражаттарын көзөмөлдөө жана ачык-айкын бөлүштүрүү маселеси көтөрүлдү. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санын беш адамга чейин кыскартуу зарыл деп эсептейм, анын курамына “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын өкүлдөрү кириш керек. Экинчи маанилүү нерсе, биздин финансы менеджери кирген текшерүү комиссиясын түзүү. Каражаттар азыркыдай болуп, жылына бир жолу эмес, ай сайын текшерилип турушу керек», — дейт.

Фото Т. Бөлтүрүктүн баракчасынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты