​Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы дайындалды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Тургунбеков Канатбек Тургунбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.


Канат Тургунбеков 2008-2009-жылдары Садыр Жапаров жетектеген Коррупцияны алдын алуу улуттук агенттигинде бөлүм башчы болуп иштеген.

Акыркы президенттик шайлоодо ал талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабын жетектеген.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты