​Тажик барымтасынан бошонуп, Бишкекте дарыланып жаткандар ачка калды

  • 3 года мурун

29-апрелде
Тажикстандын куралдуу күчтөрү Лейлек районунун Интернационал айылынын 10
тургунун барымтага алып, кыйноого алышкан.


Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн
кийин бошотулгандар ден соолугунан катуу жабыркап, бейтапканаларга жатышкан.
Абалы оор бешөө Бишкекке жөнөтүлүшкөн.

«Алар психологиялык оор абалда турат. Маселелери
чечилбей жатат. Райондун акими аларга 8 миң сом берем деп убада берген, бирок берген
эмес. Акчасы жок, оорукананын тамагы менен жан сактап жатышат. Нан, айран,
консерва алып келүүнү суранышат. Эркектер ачка. Бул жерде алардын туугандары же
достору жок. Кээ бирлеринде өзүнө кол салуу тууралуу ойлору бар», — деген
Галина Ан аттуу жарандын пикирин 24.kg жазды.

Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов барымтада жатып чыккандарга акимдин резевдик фондунан 40 мищ сом бөлүнгөнүн, каражатты экөө алып, калгандары Бишкектен келгенде алаарын айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты