​Эл өкүлү Чоң-Алайдын тургундарын тажик аскерлери жайлоого өткөрбөй жатканын айтты

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч эмес экенин айтты.


Эл өкүлүнүн айтымында, Тажикстандын аскерлери Чоң-Алай районунун тургундарын жайлоого өткөрбөй жолду тосуп алган.

«Мен буга чейин да айткам. Тажикстандын аскерлери окопторду казып, чек арада коргонуу даярдап жатышат. Жергиликтүү элди эми жайлоолорго өткөрбөй, үйлөрүн, малын атып жатканын айтышууда. Муну текшериш керек», — дейт Аккулу Бердиев.

Чоң-Алайдагы абал тууралуу Аккулу Бердиевдин буга чейинки айткандары боюнча УКМКнын Чек ара кызматы билдирүү таратып, эл өкүлүн такталбаган маалымат таратпоого чакырган.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты