​Россияга уча албай жаткан жүздөгөн тажиктер Дүйшөмбү аэропортунда митинг уюштурушту

  • 3 года мурун

«Эркин Европа» радиосунун «Озоди» тажик кызматы 26 — май күнү Дүйшөмбүнүн аэропортунда Россияга уча албай жаткан жүздөгөн жүргүнчүлөр митинг өткөрүшкөнүн кабарлады.


Бир жумадан бери Россияга жете албай, колунда билеттери туруп уча албай турган тажик жарандары аэропорттун оозунда митинг өткөрүшкөн.

Дүйшөмү эл аралык аэропортунун имаратына тез арада күч органдарынын кызматкерлери тартылган. Митингчилерге Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Икром Субхонзода,аэропорттун директору Исматулло Абдуллозода жолугуп, каттамдын үзгүлтүккө учурашына россиялык «Северный ветер» авиакомпаниясын айпашты.

Россияга кете албай тургандар авиабилеттерди сатып алуу үчүн карызга же банктардан насыя алышканын, коронавирус жок экенин ырастаган маалымкаттын мөөнөтү аяктап калганын айтып, «кайра тест тапшырууга акчаны кайдан алабыз?», — деп маселени чече албаган бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыгын ачык билдиришти.


Эске сала кетсек, 25-майдын түнүндө Тажикстандын ордо калаасы Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке конгон тажикстандык «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы жүргүнчүлөрү менен кайра артка кайтарылган. Кыргыз бийлиги 24 — май күнү эки өлкө ортосундагы чек ара маселелери бир жаңсыл болмоюнча, Тажикстан менен болгон баардык байланышты токтотуп, бир тараптуу чек арасын жапкан.


Фото «Озоди» радиосунун сайтынын алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты