​Тажикстан жарандарын Кыргызстанга барбоого чакырды

  • 3 года мурун

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Кыргызстанга баруудан же башка башка өлкөлөргө Кыргызстан аркылуу өтүүдөн убактылуу баш тартууга чакырды.


Ошондой эле, Тажикстандын ТИМи өз жарандарын транспорттун бардык түрү менен жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууда Кыргызстандан башка өлкөлөрдү тандоого үндөдү.

Эске сала кетсек, 24-майда Кыргызстан Тажикстан менен болгон бардык байланыштарды үзүп, эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси толук чечилмейинче тажик жарандары үчүн чек арасын бир тараптуу жапкан. Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы Бишкекке Дүйшөмбүдөн учак менен келген Тажикстандын жарандарын артка кайтарган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты