​Балыкчыда электромобиль заводу курулат

  • 3 года мурун

Түштүк Кореялык инвесторлор Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында электромобиль заводун курууну пландоодо.


Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, электромобиль заводунун өкүлдөрү 25 – май күнү Балыкчы шаарына барып, заводдун курулушу боюнча алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Алар заводдун курулуш иштерине, кийин электромобиль заводуна Балыкчы шаарынын тургундары жумшука тартылаарын, атайын окуудан өтүшөөрүн белгилешкен.

Инвесторлор алгач жылына 65 миң, кийин 300 миңге чейин электромобиль өндүрүү планы бар экенин кошумчалашкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты