​Энергетикалык компаниялардын чыгымы 1,7 млрд сомго кыскарды

  • 3 года мурун

Кыргызстандагы энерго компаниялардын чыгымы 1,7 млрд сомго кыскарганын 26-майда Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирди.


Кыскартууларга ылайык:

«Электр станциялары» ААК — 898,8 млн;

«Чакан ГЭС» ААК — 10,2 млн;

«Кыргызстандын УЭТ» ААК — 142,7 млн;

«Түндүкэлектр» ААК — 477,6 млн;

«Чыгышэлектр» ААК — 49,5 млн;

«Ошэлектро» ААК — 81,3 млн;

«Жалал-Абадэлектро» ААК — 40,7 млн;

«Бишкек жылулук тъйънъ» ААК — 21,8 млн сомго бюджеттерин азайткан.

Мындан тышкары, Улуттук энергетикалык холдингде директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны бир бирдикке, кеңешчи жана холдингдин алты кызматкери кыскартууга учурап, холдингдин жаңы уюштуруу түзүмү бекитилди.

Ошондой эле, тогуз энергетикалык компаниянын жетөөсүндө башкы дирекциянын мүчөлөрү төрт адамдан үчкө чейин кыскарды. Кеңешчи жана ички аудит кызматтары жоюлду.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты