​Күзгө чейин 1 миллион адам коронавируска каршы эмделет

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө боюнча коронавируска каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.


Министрдин айтымында, учурда 77,5 миң адам вакцина алышкан. Жакынкы күндөрү «Спутник V» жана «Sinopharm» вакциналарынын жаңы партияларынын келиши күтүлүүдө. Ошондой эле жакын арада «AstraZeneca» вакцинасынын 460 миң дозасы келет.

«Эмдөөнүн жүрүшү боюнча өнүккөн өлкөлөрдөн артта калып жатабыз. Бирок, буйруса 2021-жылдын 1-июлуна карата 500 миң, сентябрь айына чейин 1 миллион адамды вакцинадан өткөрөбүз деген планыбыз бар», — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты