​Молдовановкадагы абактан качууга аракет кылган эки адамдын бири атып өлтүрүлдү

  • 3 года мурун

26 — майга караган түнү Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 абактан качууга аракет кылган эки адамдын бири атып өлтүрүлүп, бири колго колго түшкөн.


Түнкү саат 02.40та абактын тыюу салынган аймагында жүргөн эки абак адамын көргөн күзөтчү эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Талап аткарылбаган соң, экөөнүн бирине ок чыгарылып, каза болгон. Алар өтө оор кылмыштары үчүн жаза өтөп жатышкан 1963 жана 1999-жылы туулган жарандар болгон.

Бири адам өлтүрүп, экинчиси жашы жете элек кызды зордуктап, 21 жана 10 жылга эркинен ажыратылышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты