​Дүйшөмбүдөн Бишкекке конгон «Сомон Эйр» жүргүнчүлөрү менен артка кайтарылды

  • 3 года мурун

25-майдын түнүндө Тажикстандын ордо калаасы Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке конгон тажикстандык «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы жүргүнчүлөрү менен кайра артка кайтарылган.


Тажикстандын Бишкектеги консулу Абубакр Шодиев маселени кыргыз бийлиги менен сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аракет кылган, бирок кыргыз тараптан «Сомон Эйр» Тажикстанга кайтышы керек деген гана кыска жооп берилген.

«Озоди» үн алгысынын кабарлаганына караганда, Россиянын ар кайсы аймагынан Бишкек аркылуу Тажикстанга учмакчы болгон жүздөй жүргүнчү «Манас» аэропортунун транзиттик аймагында калып калышкан.


Кыргыз бийлиги 24 – май күнү эки өлкө ортосундагы чек ара маселелери бир жаңсыл болмоюнча, Тажикстан менен болгон баардык байланышты токтотуп, бир тараптуу чек арасын жапкан.

Эске сала кетсек, 29-апрель күнү Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуу уюштуруп, 36 мекендешибиздин өмүрүн кыйган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты