Бишкектин башкы архитекторлору иштен алынды

  • 3 года мурун

Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасынын башчысы Марат Жороев кызматтан алынганын 24.kg маалымат агенттиги кабарлады.


Ошондой эле Марат Жороевдин орун басары Анна Тренина да жумуштан бошотулган. Мындай кадрдык чечимдин себептери азырынча белгисиз.

Бирок мындан 2 күн мурун Бишкектин башкы архитекторлору борбор калаалынын түштүк аймагындагы парктардын бирине «Бишкек Тауэрс» мунарасын куруу демилгеленип жатканын кабарлап, алгачкы эскиздерин коомчулуктун талкуусуна коюшкан.

Бирок, коомчулукта бул боюнча сын көбүрөөк айтылып, мунарадан мурун көчөлөрүбүздү оңдоп албайлыбы деген сунуштарын айтышкан. Марат Жороев бул кызматка ушул жылдын январь айында дайындалган.

Фото «Спутник» агенттигинен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты