​Дело № гезити жабылды

  • 3 года мурун

Кыргызстандагы орус тилдүү ири басылмалардын бири болгон Дело № гезити 26 — май күнү өзүнүн акыркы санын чыгарганын, мындан ары гезит чыкпай турганын окурмандарына кабарлаган.


Бул кабарды жарандык активист Рита Карасартова өзүнүн социалдык баракчасына бөлүшүп, гезитти «пропагандалык сасыткы» атап, «ушинтип акырындык менен тазалануу процесси жүрө берет», — деп жазган.

Дело № гезити акыркы жылдары бир жактуу маалымат таратуу менен жарандык активисттерди, бейөкмөт уюмдарды каралап келген. Убагында 30 миң нуска менен чыкчу гезиттин окумдуулугу азайып, өзүн-өзү актабай калган.

Бирок Дело № басылмасынын жамааты гезиттин чыкпай калышына өлкөдөгү түзүлгөн кабыл алынгыс саясий кырдаалды айыпташкан. Алар «6 ай мурун бийликке келгендердин мамлекеттик башкаруу боюнча элементардык түшүнүгү жок» — деп, мамлекет көз көрүнөө талкаланып бара жатканын жазышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты