​Энергетиктер быйылкы кыш оор болоорун эскертип, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

  • 3 года мурун

«Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү» ачык акционердик коому жарандарга кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.


Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта:

«Суунун тартыштыгынан жана республика боюнча электр энергиясынын көп чыгымдалышына байланыштуу 2021-2022-жылдын күзгү жана кышкы мезгили оор болушу күтүлүүдө. Кыргызстандагы бардык электр ишканалары жана «Түндүкэлектро», «Чыгышэлектро», Ошэлектро», «Жалал-Абадэлектро» тарабынан электр энергиясын колдонунууну азайтуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө», — деп жазылган.

Ошондой эле «Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү» ачык акционердик коомунун» бир канча жолку эскертүүлөрүнө карабай, электр энергиясын дүңүнөн сатып алган «Электросила», «Энерготехсервис», «Глобал энержи» жана «ЭК групп» сыяктуу ортомчу компаниялар тарабынан электрди колдонууну белгиленген чекке түшүрүү боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөй жатканын белгилешкен.

Мындай абал алдыдагы кыш мезгилин ийигиликтүү өтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн азайтууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты