Аспековдун акча опузалаганы боюнча соттук териштирүү башталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 25 — майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Мелис Аспековдун «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси В.Дашковдон 250 миң доллар опузалаганы боюнча алгачкы соттук териштирүү башталды.


Мелис Аспеков журналисттерге 250 миң долларды алганы жалган экенин, аны акча менен кармап жаткан УКМК видеосундагы адамды тааныбай турганын айтып, «Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берсең, үй камагына чыгарабыз дешкен. Мен макул болгон эмесмин. 250 миң доллардын 50 миң долларын Сыймык Жапыкеевге бердим деп айтышымды талап кылышкан», — деди.

Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочусу Г. Абдрахманова «Кыргыз темир жолунун» мурунку башчысы В. Дашковго моралдык-материалдык зыян келтирилгенин айтып, Мелис Аспековдон 250 миң долларды өндүрүп, аны соттогон чечим чыгарып берүүнү соттон өтүндү.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты