​Кыргызстан боюнча бардык акимдер электен өттү

  • 3 года мурун

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасынын орун басары Олег Тарбинский Кыргызстан боюнча бардык акимдер аттестациядан өтүп, кулап калган 10 аким иштен алынганын айтты.


«Өлкөбүздүн бардык облустарында акимдерди аттестациядан өткөрүү жараяны болду. Жыйынтыгында айрымдары иштен алынды, айрымдары кадрлар резервине киргизилди. Тандалгандары акимдикке дайындалышты», — деди.

Сынактан өтпөй калган 10 адам кайра даярданып, аймактык кадрлар резевине кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. Учурда резевде 321 адам бар.

Фото sputnik.kg сайтынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты