Абдибакыт Халмурзаев Ысык-Көлгө прокурор болду
- 3 года мурун
Бүгүн, 25 — майда Ысык-Көл облусунун прокурору болуп Абдибакыт Халмурзаев дайындалды.
Анын буга чейинки акыркы кызматы Өкмөттүк аппараттын Коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болгон.
Абдибакыт Халмурзаев 10 жыл мурун Ысык-Көл облусунун прокурору болуп иштеп кеткен. 2011-жылы анын Камчы Көлбаев менен «Каприз» мейманканасында чогуу түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда тарап, коомчулукта чоң талкууга жем таштаган.
Кийин Бишкек шаарынын прокурору болуп, 2018-жылы «кызматка толук эмес ылайыксыздыгы» себеп болуп, жумуштан алынган.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү