​Нуржан Шайлдабекова: Шайлоодон кийин партия башчылары талапкерлердин тизмесин өзгөртө албагандай болушу керек

  • 3 года мурун

Бүгүн, 25-майда шайлоо системасынын күнгөй-тескейине арналган тегерек столдо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова:


«Былтыркы парламенттик шайлоодо мыйзам бузууларга өз убагында бөгөт коюп, чара көрүүгө мамлекеттик бийликтин эрки жеткен эмес. Быйылкы 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо ошондой саясий эрк көрсөтүлдү», — деди.

Ошондой эле Шайлдабекова шайлоону үзгүлтүккө учураткан партиялардын жоопкерчилигин да катаалдаштырып, жалган партиялык системаны түп-тамырынан бери жок кылып, саясий бирикмелердин лидерлери добуш берүүнүн жыйынтыктары чыккандан кийин талапкерлердин тизмесин өзгөртө албагандай ачык тизмелерди киргизүү керек экенин кошумчалады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты