​Муфтийликти көздөгөндөрдүн күрөшү күчөдү

  • 3 года мурун

29-майда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысын, муфтийди шайлоо өтөт.


Учурда муфтийлик кызматка 6 адам талапкерлигин койду. Алар: Ниязали Арипов, Султанали Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Нематилла Жээнбеков, Шүкүр Исмаилов жана Нурбек Токтогулов.

Бүгүн, 25- майда «Бакай» коомдук бирикмесинин жана Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына реформаларды жүргүзө алган билимдүү жана таза муфтий керек экенин айтышты.

Алар муфтияттагы «коррупциялык күчтөр» өз адамын, тагыраагы Ниязаалы Ариповду отургузууга аракет кылып жатышканын кошумчалап, талапкерлердин арасынан Султанали Гапуров татыктуу дешти.

Буга чейин уламалар кеңеши муфтийди тандоого акысы жок, жалпы эл шайлашы керек экенин айткан айрым адамдар, муфтияттын алдында боз үй тигип, митинг өткөрүшкөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты