​Япония өкмөтү менен Дүйнөлүк банк жаш ишкерлерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө

  • 3 года мурун

2021-жылдын июнь айынан тартып өз ишин түптөп же бизнесин кеңейтүүнү каалаган жаштар үчүн 7 жумалык интенсивдүү окуу программасы башталат.



Программага катышуу үчүн эки топ тандалып алынат. CASA-1000 коридорунун Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарындагы 41 максаттуу жамааттарынан 300 жаңы баштоочу жана 50 улантуучу катышуучулар. Тандоонун негизги критерийлери боюнча катышуучулар атаандаштыкка жөндөмдүү, жергиликтүү бизнести түзүүнү билген жана суроо-талапка ээ болгудай жөндөмү керек.

Программа ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу тренерлер жана эксперттер менен мастер-класстарды, семинарларды жана топтук консультацияларды камтыйт. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар бизнес, каржылык менеджмент жана маркетинг боюнча көндүмдөргө ээ болушат.

Программанын эң активдүү катышуучулары алдыңкы ишкерлерден жана бизнес-тренерлерден жеке консультацияларды ала алышат. Сабактар онлайн режиминде кыргыз тилинде жүргүзүлөт жана катышуучуларга керектүү колдоо көрсөтүлөт. Ишкердик көндүмдөрүн окутуу «Предприниматель» компаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

«Бул окутуу жергиликтүү жамааттын өнүгүшүнө салым кошот жана ишкердүүлүк, жумушчу орундарды түзүү жана жаштарды тартуу аркылуу экономикалык өнүгүүгө салым кошот деп ишенебиз», — деди L4Y долбоорунун координатору Эмилия Саалиева.
Окутууга катышуу үчүн каалоочулар 2021-жылдын 25-майына чейин арыз толтура алышат (https://bit.ly/2QmP0Ba). Долбоордун критерийлерине жооп берген адамдар гана катышуучу катары тандалып алынат.

«L4Y-Жаштарды ишке орноштурууга коомчулукту колдоо программасы» долбоору Япония өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө каржыланып, «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Программа жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн [email protected] электрондук почта аркылуу же 0709 323204 телефон аркылуу байланышсаңыз болот.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты