Баткенге жардам берүү эсебине эл 100 млн. сомдой чогултту

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга көмөктөшүү үчүн ачылган атайын эсепке элден 100 миллион сомго жакын каражат чогултулду.


Бул тууралуу экономика жана финансы министрлигинин сайтында маалымат берилди.

Чогулган акчанын 96,5 миллион сому өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү ачкан атайын эсепке түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2,8 миллион сом чогулду. Бул каражатты ыктыярчы жарандар, уюмдар берип жатат. Мындан тышкары бир катар мекемелер бир күндүк айлыгын которгонун айтышкан. Мекеменин маалыматына караганда бул акча которула элек.

28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, 180ден ашуун адам жаракат алды. 100дөн ашык турак жай, имараттар талкаланып, өрттөлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты